Элдик жаңылыктар: ЖЖЭ бузуудагы жаңы штрафтар – паракорчулукка жол ачабы?

Жолдо жүрүү эрежелерин (ЖЖЭ) бузууда жаңы киргизилген штрафтардын ири өлчөмдөрү көйгөйлөрдү чечүү эмес, тескерисинче, паракорлорчулукка жол ачуу болуп саналат!

Жаңы жылдан баштап Кыргызстанда ЖЖЭ штрафтарынын өлчөмү 3 эсе, айрымдары 6 эселеп өсө тургандыгы баардыгыбызга белгилүү. Мени кызыктырганы: Урматтуу авторлор, бул мыйзам долбоорун силер кандай максат менен жазгансыңар ?

Биздин эл мындай ири суммаларды төлөй албай тургандыгын силер кантип эле түшүнбөй калдыңар? Коопсуздук курун курчанбагандыгы үчүн – 1000 сом, катуу ылдамдыкта айдагандарга – 7000 сом. Бул силердин шылдың кылганыңарбы? Кыргызстанда эл эртеден кечке чейин баш көтөрбөй жумуш иштеп, айына 7000 миң сом айлык алат. Мындай штрафтан кийин айдоочулар унааны абайлап айдап калат деп айтаарыңарды ж.б.у.с. түшүнсө болот.

Бирок, кандай болгон күндө да эрежелерди бузуулар келип чыгаары айдан ачык эмеспи. Ошондо, тактап айтканда, силердин административдик протоколдорду түзгөнүңөргө эч ким макул болбойт. Баары бир пара бере башташаары турган иш.

Анткени мындай суммалар биздин жарандардын көпчүлүгү үчүн бир топ акча.

Ошондуктан мырзалар, реформаларга мындай мамиле кылуу жарабайт. Эгер чынында эле жолдо жүрүүдө тартип киргизүүнү кааласаңар, алгач аны өзүңөрдөн баштаганыңар оң. Пара алганды токтотуп, өздүк курамыңарды 70% жаңылап, аларды ак ниеттүү жана билимдүү адамдар менен алмаштыргыла. ЖЖЭ бузгандыгы үчүн мурда төлөнүп жүргөн штрафтарды деле колдонсо болот деп ойлойм. Эгер силер мурдагы нормалардын негизинде эле ак ниетиңер менен иштей баштасаңар, өлкөнүн бюджети өсүп жана жолдордо тартип сакталмакчы.

Элдик жаңылыкты Кумарбек жиберген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД