Эмгек мигранттарынын балдары жашаган үй бүлөлөр аныктала баштады

2019-жылы 14-январда ата-энелери Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка кетип жатып, жашы жете элек балдарын калтырган үй жайларын аныктоо максатында Жайыл районунда жана Кара-Балта шаарында текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралар мигранттардын балдарына карата ырайымсыз мамилелерден жана зордоодон алдын алып сактап калуу жана буга жол бербеш үчүн жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге эле ынтымагы жок үй бүлөлөрдү жана өтө начар турмуш шартында жашаган балдарды аныктоо иштери да алынып барууда.

Ушул иш-чаралардын чегинде жашы жете элек балдар менен иш алып баруу инспекцияларынын кызматкерлери, Жайыл рйонунун ИИБ коомдук коопсуздукту сактоо участкалык кызматы тарабынан 560 үй жайларында 1300 балдар текшерилип, ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка кетип жатып калтырган 8 бала жашаган 5 үй бүлө аныкталды.

Мындай иш-чаранын жүрүшүндө Петровка айылында ынтымагы жок 1 үй бүлө аныкталды. 33 жаштагы аял Т.В. батирде жашайт жана анын багуусунда 6 жашар баласы Т. В. бар. Текшерүү учурунда жашы жете элек бала башка адамдар арасында, тактап айтканда кошуналар менен жүргөн болуп чыкты.

Кошуналарды сурамжылаган кезде, жашы жете элек баланын энеси дайыма спирт ичимдиктерин иче турганы, баласын кароосуз калтыраары жана бир нече күн бою дайынсыз кетип калаары белгилүү болду. Турмуш-шартын текшерүүдө үйдүн ичи муздак, жашы жете элек баланы багууга жана жашоосуна ылайыктуу шарттарынын жоктугу аныкталды. Баланын энесине Т.В. чара көрүлүүсү үчүн бул жерге райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй бүлөгө жана балдарга колдоо көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери чакырылды..

Буга окшогон текшерүүлөр Чүй облусунун башка райондорунда да жүргүзүлүүдө, деп Чүй облустук ИИББ пресс-кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД