Эмгек мигранттарына Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөө кеңешин беришти

Россиядагы кыргыз диаспорасынын экс-прокурор Азимбек Бекназаровдун орус тилинин расмий статусун алып салуу жөнүндөгү сунушу боюнча берген жообу Кыргызстандагылардын баарына эле жаккан эмес экен. Ошону менен бирге "Ак калпак" саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев интернеттен Россиядагы эмгек мигранттарына өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө кеңешин берген.

"Урматтуу мырзалар, силерди гастарбайтерлер же болбосо мигранттар деп атайбызбы билбейт экенмин, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегиле деген кеңешимди берээр элем. Ансыз деле Россиянын биздин өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнөн өтө эле артта калып жатабыз. Силер Россиядагы өз иштериңер менен алек болгонуңар жакшы. Эгер Кыргызстанга жардам бергиңер келсе, анда бул жакка келгиле да ушул жерде иштегиле. Биз деле Кыргызстанда, иштеп, жашоо үчүн күрөшүп, оокатыбызды өткөрүп жатпайбызбы. Силердин көпчүлүгүңөр Россиянын жараны болуп алдыңар", - деп интернетке жазган Улукбек Маматаев.

Мекендеш мигранттарга мындай кайрылуу жазуу саясатчы үчүн туура эмес, - деп эсептейт Ысык-Көл облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Нурбүбү Кененбаева.

-Тажрыйбалуу саясатчы мигранттарга мындай кайрылуу жасабашы керек эле. Бул анын көрөгөчсүз экендигин билдирет. Мигранттардын көбү биздин жарандар болуп эсептелишет. Алар Кыргызстандын экономикалык жана саясий планында өлкөнүн өнүгүүсүндө зор ролду ойношот. Алардын кошкон салымы бюджетти түзүп жатса, анан алар кантип биздин ички иштерибизге кийлигишпей тим турушат, - деди ал VB.KG редакциясына.

Анын пикири менен VB.KG редакциясы түшүнүк берүүсү үчүн кайрылган Забайкальск крайындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Медетбек Карабаев да макул болду.

-Эмнени айтышса да, Россиядагы биздин мекендештер Кыргызстандын экономикасына таасир бере алышат. Алар так ошол кошуп жаткан салымдары аркылуу Кыргызстандын ИДПсын түзүп жатышат. Мен кыргыз диаспорасынын Бекназаровго берген жообу менен макулмун. Алар куру сөз сүйлөгөндүн ордуна чыныгы иш менен алектенишсин. Жазса жаза беришсин, "ит үрө берет, караван жүрө берет", - деп эл макаласында айтылганын кайталады ал.

Ошондой болсо да "Ак калпак" саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев VB.KG редакциясына берген маегинде, анын кайрылуусу Россиянын жарандыгын алган кыргыздарга карата гана айтылгандыгын белгилеп өттү.

Эске салсак, кече жакында Россиядагы кыргыз диаспорасы Азимбек Бекназаровдун орус тилинин расмий статусун алып салуу жөнүндөгү сунушу боюнча конференциянын катышуучуларына кайрылуу тараткан болчу.

"Мындай популисттик маселелерди көтөргөндүн ордуна экономиканы өнүктүрүп, бош жумуш орундарын түзүү үстүндө алектенгениңер жакшы болбойт беле, анан каражат жетиштүү болгонунда маданият менен тил маселелери оңой чечилмек.

Бүгүн экономиканын өнүгүшүнө орус тили ошончолук эле тоскоолдук кылып жатабы? Тескерисинче миллионго жакын мигранттар орус тилинин жардамы менен нан таап, үй бүлөсүн багып жана өлкөнүн экономикасына салым кошуп жатышпайбы", - деп жазышкан мигранттар Бекназаровго.

Редакциянын атынан кошумчалай кетсек, Маматаев же ал өкүл катары колдогон кандай гана партия болбосун, Россияда эмгектенген Кыргызстандын мигранттарынын жана алардын салып жиберген акчанын эсебинен өз мекенинде жашап жаткан туугандарынын колдоосуна ээ боло алаарына шегибиз бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД