Эмгек мигранттары Азимбек Бекназаровго эскертүү беришти

Россиядагы кыргыз диаспорасы конституциялык реформа боюнча өткөрүлгөн конференциянын катышуучуларына, Азимбек Бекназаровдун орус тилинин расмий статусун алып салуу жөнүндөгү сунушу боюнча өздөрүнүн кайрылуусун таратышты.

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Силер бүгүнкү Кыргызстандын абалына такыр тиешеңер жок деп айтсак туура эмес болуп калат. Эмне себептен миллионго жакын биздин жарандар чет жерде иштеп жүрүшөт жана алардын көпчүлүгү Россияда эмгектенишүүдө. Алар өз үй бүлөсүн гана бакпастан, республикада социалдык туруктуулуктун сакталышына да олуттуу салымын кошуп жатышкандыгын унутпашыбыз керек.

Республикабыздагы болуп жаткан ар кандай чыр-чатактардын жана жумушсуздуктун айынан Россияга жумуш издеп кеткен жүз миңдеген мигранттардын көйгөйлөрүнө көңүлүңөрдү буруп койгулачы, алар шайлоо укуктары толугу менен камсыз кылынбагандыгына, чыдай алгыс оорчулуктарды баштарынан өткөрүп жаткандыгына карабастан арызданып отурушпай эле чет жерде туруктуулук менен эмгектенип жүрүшпөйбү.

Орус тилинин расмий статусун алып салуу жөнүндөгү билдирүүңөр менен, силер башка дүйнөдө жана ченемде жашап жатканыңарды көрсөтүп жатасыңар. "Кимдин башы ооруубаса, анын кудай менен иши жок" макалында айтылганына окшоп отурбайлы.

Азыр Россиядагы баардык мекендештерибиз "Кыргызстандагы саясий элитанын башка көйгөйү бүтүп, эми орус тилинин расмий статусун алып салуу маселеси эле калдыбы? - деген суроону беришүүдө.

Мындай популисттик маселелерди көтөргөндүн ордуна экономиканы өнүктүрүп, бош жумуш орундарын түзүү үстүндө алектенгениңер жакшы болбойт беле, анан каражат жетиштүү болгонунда маданият менен тил маселелери оңой чечилмек.

Бүгүн экономиканын өнүгүшүнө орус тили ошончолук эле тоскоолдук кылып жатабы? Тескерисинче миллионго жакын мигранттар орус тилинин жардамы менен нан таап, үй бүлөсүн багып жана өлкөнүн экономикасына салым кошуп жатышпайбы. Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгондугу жана республикабыздын ЕАЭС өкүлү болушу мигранттар үчүн өз үзүрүн берүүдө.

Ал эми Кыргызстандын ЕАЭСтин курамына киргенден кийинки экономикалык кыйынчылыктарына туш келгендеги жоопкерчиликти, ошол кезде экономиканынын өнүгүшүн камсыз кыла албай, ойлонбой туруп республиканы ЕАЭСке кирүүгө мажбур кылган аткаминерлерден сурап алуу керек.

Биз силерди популисттик маселелерди көтөрөөрдөн мурда экономиканы өнүктүрүү жана жергиликтүү элдин жашоо-шартын жакшыртуу боюнча ачык-айкын иштер менен алектенүүгө чакырабыз. Кыргызстанды саясий-эксперименталдык лабораторияга айлантууну токтотууга убакыт келди! Урматтуу конференциянын катышуучулары, Кыргызстандын элине залал келтирбей турган иштер менен алектенгиле!

Терең урматтоо менен,

"Кыргыз Конгресс" Жалпы россиялык коомдук уюмунун жетекчилери:

Кожоев К. Ш. (Москва)

Салахунов М. Ж. (Москва)

Осмонов О. М. (Москва)

Кутунаев К.К. (Санк-Петербург)

Калмурзаева А. Т. (Калининград)

Каримов А. Ж. (Псков)

Аргымбаева А. М. (Краснодар)

Кыпчакбаева А. Т. (Ростов-на-Дону)

Чекиров Н.А. (Астрахань)

Бусурманкулов Р. А. (Курск)

Атакулов М. А. (Волгоград)

Ходжаев А. А. (Иваново)

Ырысбеков Н. Ш. (Липецк)

Юлдашев К. С. (Тверь)

Алимов А. А. (Рязань)

Кармышева С. Т. (Вологда)

Баетов К. Б. (Владимир)

Айтиев Д. С. (Тула)

Осмонов Ж. М. (Салехард)

Ибрагимов А. И. (Воркута)

Айткулов А. К. (Ноябрьск)

Худайбергенов Т. Х. (Уренгой)

Бакыев Т. Ш. (Саратов)

Апатаев А. А. (Самара)

Конокбаев Б. Ж. (Ульяновск)

Акмурзаев А. М. (Нижний Новгород)

Сариев З. А. (Казань)

Топчубаев Т. Т. (Оренбург)

Алиева С. А. (Уфа)

Алымкулов А. А. (Пермь)

Абдрахманов Ж. А. (Курган)

Бакирова З. А. (Челябинск)

Полотбеков М. Т. (Екатеринбург)

Айдаров К. К. (Сургут)

Сманова К. Н. (Тюмень)

Стамкулов А. Ж. (Томск)

Тойтуков Ж. Э. (Новосибирск)

Асанов А. М. (Омск)

Жунусали уулу Б. (Кемерово)

Чериков А. А. (Абакан)

Садыков Ж. К. (Горно-Алиайск)

Жорокулов Э. Ы. (Красноярск)

Карабаев М. А. (Чита)

Абдылдаев Т. А. (Иркутск)

Осмонов Ш. О. (Улан-Удэ)

Мырзабаев К. С. (Хабаровск)

Ормонова Э. Н. (Владивосток)

Тобаев Э. Б. (Сахалин)

Керимбаев Н. А. (Петропавловск-Камчатск)

Мамбетова Р. Ж. (Магадан)

Орунбаев А. Т. (Якутск)


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД