Аймактарда "тез жардам" машиналары жетишпейт

Кыргызстандын аймактарында "тез жардам" машиналары өтө эле аз. Бул жөнүндө бүгүн, 24 январда Жогорку Кеңештин жыйынында Пархат Тулендыбаев билдирди.

"Тез жардам" машиналарынын техникалык базасын жаңыртуу зарыл. Аймактарда машиналар жана анын тетиктери жетишпейт. Медиктер оорулууларды өздөрү көтөрүп жүрүүгө мажбур болушууда. Колдонуудагы машиналардын техникалык абалы өтө начар. Мен жаңы машинага түшүп көрүп, анын ыңгайсыздыгынан оорулуу эмес, ден соолугу чың адам да башы айланып калаарын байкадым, деди Тулендыбаев.

Депутат Чүй облусунун Аламүдүн районунда болгону төрт гана "тез жардам" машинасы иштээрин мисалга келтирди. 8 миң адам жашаган Виноградное айылында төрөт үйү жок. Айылдын тургундары медициналык жардам алыш үчүн коңшу жайгашкан айылдарга баууга муктаж болушууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД