Бишкекте милиционерлер балдарды өрттөн сактап калышты

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун РИБнын кызматкерлери өрт чыккан батирден балдарды жана алардын апасын сактап калышты. Алар биринчилерден болуп өрт чыккан жерге келишип, жардам көрсөтүштү.

ӨКМ маалыматы боюнча, шаардын Сүйөркулов көчөсндөгү № 33 үйдө өрт чыккандыгы боюнча кабар болжол менен түнкү саат 22.17. келип түшкөн. Өрт төрт кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатындагы батирден чыккан.

-Милиция кызматкери лейтенант Мыктыбек Мурзабаев кошуна жайгашкан үйдө жашагандыктан, үйдүн терезесинен чыккан түтүндү көрөөрү менен, дароо эле ушул райондун участкалык милиционери –Исламбек Абдрахмановго телефон чалган. Ал келээри менен экөөлөп батирге киришкен, - деп VB.KG редакциясына Бишкек шаарынын ИИББнын пресс-катчылыгынан билдиришти.

Милиционерлер эки баланы жана алардын апасын эшикке алып чыгууга жардам беришти. Милиция кызматкерлери кайрадан өрттөнүп жаткан батирге кирели деп жатканында өрт өчүрүүчүлөр келип калышкан. Алар кабар алынгандан кийин 10 мүнөт убакытта жетип келишкен. Өрт толугу менен саат 23.57 мүнөттө өчүрүлдү. Куткаруучулар өрт чыккан батирдин гана жашоочуларын эмес, түтүн баскан кошуна батирлердин жашоочуларын да эшикке алып чыгууга жардам беришти.

Бактыга жараша, өрттөн батирдин жашоочулары, кошуналар жана куткаруучулар эч жабыр тарткан жок. Бирок, жолдошу каза болгондон бери төрт баланы тарбиялап жаткан аялдын батири толугу менен күйүп кетти. Бир да терезеси бүтүн калбай, оокат-буюмдарынын баары өрттөнүп кеткен.

Өрткө учурагандарга алардын кошуналары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жардамга келишти. МТУ № 11 кызматкерлери кырсыкка кабылгандарга бир күндүк айлык акыларын которуп беришти.

Урматтуу окурмандар! Эгер кырсыкка кабылган кичине балалуу үй бүлөгө колдоо көрсөткүңүздөр келсе, колдон келишинче жардамыңарды ЭЛСОМ 05533157752 капчыгына Елена Исакованын ысмына жиберсеңиздер болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД