Бишкектеги Киев көчөсүнүн аталышын өзгөртүү сунушталууда

Бишкектеги Киев көчөсүнүн аталышын өзгөртүп, саясий жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну сунуш кылышууда. Мындай демилге менен Чыныбай Турсунбеков 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында чыгып сүйлөдү.

-Турдакун Усубалиев көп жылдар бою Кыргызстанды жетектеп келген. Анын жетекчилиги астында шаарда көптөгөн имараттар, анын ичинде Ак үй курулган, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү жогорулаган, - деп түшүндүрдү депутат өз демилгесин.

Мындан тышкары Турсунбеков Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн аталышын өзгөртүп, саясий ишмердин урматына, анын ысымын ыйгарууну сунуштады.

Белгилей кетсек, мурда ушундай эле демилгени Кыргызстандын коммунисттери көтөрүп чыгышкан. Алар Турдакун Усубалиевдин ысымын шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирине ыйгарууну сунушташкан, бирок, көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө мораторий жарыялангандыктан мэрия бул сунушту кабыл алган эмес.

Ошондой болгону менен, мораториянын кабыл алынганына карабастан, Бишкектин бир нече көчөлөрүнүн аталышы өзгөртүлгөн. Мисалы, Шабдан баатыр көчөсү 7-апрель көчөсү аталып, ал эми Чүй проспектисинин участогуна Шабдан баатырдын ысымы ыйгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД