Бишкектин мектептерине электрондук кезек менен кабыл алышат

Үстүбүздөгү жылдын 28-январында мэрияда шаар башчысы Азиз Суракматовдун жетекчилиги астында мурда пландаштырылган кеңешме өткөрүлүп, анда Билим жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук жазуу менен кабыл алуу" автоматтык маалымат системасын ишке киргизүү боюнча жүрүп жаткан даярдыктар жөнүндө маселе каралды.

Бул маселе боюнча маалымат берген Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманованын айткандарына караганда, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги тарабынан "Мектеп жашындагы балдарды биринчи класска электрондук жазуу менен кабыл алуу боюнча автоматташтырылган маалымат системасы," жөнүндө Убактылуу жобосу бекитилип, көрсөтмө иштелип чыгууда. Мектеп жашына жеткен балдар биринчи класска "Мектепке электрондук жазуу менен" автоматташтырылган система аркылуу www.mektep.edu.kg онлайн сайтында кабыл алынат.

Райондук билим берүү борборлорунун жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору Убактылуу жобо менен тааныштырылды. Директорлорду окутуп үйрөтүү каралган, мектептердин жана бала бакчалардын администрациясы менен түшүндүрүү иштери, билим берүү уюмдарында инвентаризациялык каттоо, интернет жана керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүгүзүлүп жатат. Долбоордун максаты жөнүнүдө аны иштеп чыккандар жана ЮНИСЕФ өкүлдөрү да чыгып сүйлөштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД