Бишкектин мэри "таштандылар" заводунун курулушун бүтүрүүнү тапшырды

14-январда Бишкектин мэри Азиз Суракматов вице-мэрлер, шаардык кызматтардын жана структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери менен пландык кеңешме өткөрдү. Бул шаар башчысынын ушул жылда өткөргөн биринчи кеңешмеси болду.

Кеңешмеде шаардык мэрияныны шаар калкы менен байланышуу борборунун (колл-борбору) алып барып жаткан иши жана "Бишкек санитардык полигонунун" былтыркы жылда аткарган иши, быйылкы жылдагы иш планы талкууланды. Колл-борборунун жетекчиси Назгүл Садыкованын айткан сөздөрүнө караганда, кызматта иштеген адамдардын саны 15. 5 кызматкер-оператордун жумуш орду программалуу компьютерлер менен камсыздалган, алардын сүйлөшүүлөрдү, маалымат базасын түзүү жана келип түшкөн кабарларды жаздырып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Өткөн жылы колл-борборго шаардыктардан 44 миң 331 кабар келип түшкөн, 10 248 катталып, 9 миң 880 кайрылуу боюнча суроо-талап ишке ашырылган. Арыздануулардын көпчүлүгү электр, жылуулук, суу менен камсыз кылуу тармактары жана көчөгө жарык берүү маселеси боюнча келип түшкөн.

Экинчи маселе боюнча "Бишкек санитардык полигону" ММнин жетекчиси Талгат Уметалиев сүйлөдү. "Бишкек шаарынын ТБО системасын башкарууну жакшыртуу" долбоору боюнча азыр полигондо долбоордук-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы полигондун эскиздик долбоору жана курулуш иштеринин инженердик-техникалык чечимдери негизинен аяктаган. Үстүбүздөгү жылдын апрель айына чейин курулуш иштерин баштоо боюнча уруксат алуу пландаштырылууда, ал эми май айынан баштап полигонду куруу башталмакчы. Объекттин курулуш мөөнөтү – 1 жыл.

Кеңешменин жыйынтыгын чыгаруу менен, Бишкектин мэри Азиз Суракматов таштандыларды кайра иштетип чыгаруу заводунун курулушун 2020-жылы бүтүрүү маселесин тапшырды. Мэриянын колл-борборуна шаардык кызматтар менен байланышты күчөтүп жана шаардыктардын аткарылбай калган даттанууларынын санын кескин кыскартуу талабы коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД