"Водоканал" байке, суу берчи...

Саламатсызбы, урматтуу редакция.

Шаарыбыздын 5-кичирайонундагы № 30-үйдүн жашоочулары суу маселесине байланышкан көйгөйлөрүбүздү айтып бергибиз келет. Бул үйдү таза суу менен камсыз кылууга байланышкан көйгөй эки жылдан бери уланып отурат. Ал эми пландык оңдоо иштеринен кийин суу да жакшы чыкпай калды. Трубаларды алмаштырып, зым менен толгоп оңдомуш этишкени менен, суу дагы эле жетишсиз.

Мунун натыйжасында үйдүн жашоочулары эле жабыр тартышууда. Суу хлор менен тазаланбаганы, крандан тамчылап чыкканы аз келгенсип, аны менен кошо майда таштар менен кум кошулуп чыгат. Көпчүлүк жашоочулардын кир жуугуч машиналары жана сантехникалык жабдыктары бузулуп, иштен чыгууда. Аларды да оңдотуп, алмаштырып атып чарчадык. Таза сууга бай өлкөдө жашап жатып, үйдөгү крандан суу иче албаганыбызды жана балдарыбызды киринте албай калганыбызды кантип түшүнсө болот?.

Айлабыз кеткенден жазып жатабыз. "Водоканалга" телефон чалсак, оңдоочу бригадасы келип көрөт да, муну башкалар оңдойт деп телефон номерин жазып беришет, аларга чалсак башка бригадасы келет да дагы эле ушуну айтат. Биздин үйдүн жашоочулары менен эч кимдин "водоканалынын" да, үй башкармалыгынын да иши жок. Бир гана силер аркылуу буларга үнүбүздү жеткирип жардам алабызбы деген үмүтүбүз калды.

Элдик жаңылыкты № 30 үйдүн жашоочулары жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД