Депутаттар: "Бүт өлкөгө уят болдук"

23-январда Жогорку Кеңеште депуттар 2019-жылы 1-январдан баштап күчүнө кирген кодекстерди кайрадан талкуулашты. Талкууга чыккан депутаттар жаңы мыйзамдардагы көптөгөн каталыктар менен карама-каршылыктар кетирилгендигине жана мына ушундай жаңы кодекстерди кабыл алууда өздөрүнүн катыштыгы бар экендигине нааразы болушту.

-Жаңы кодекстерге декларацияны толтурууда туура эмес маалыматтарды бергендиги жана аны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жазалоо кирбей калган. Мурда салык декларациясында да туура эмес маалымат берилгендиги үчүн жазалоо каралган, азыр ал жок, - деп Айнура Осмонова мисал келтирди.

Анын коллегасы Умбеталы Кадыралиев түкүрүк боюнча киргизилген штрафтарга нааразы болду.

-Адамдардын иштеп тапкан айлык акысы 15 миң араң жетип отурса, 5 500 сом штраф кайдан алынды? Силер деги эмнени ойлогонсуңар? – деп депутат кодекстерди иштеп чыгууга катышкан эксперттерге кайрылды.

Ошол эле кезде айрым депутаттардын, Кыргызстан мына ушулар иштеп чыккан мыйзамдар менен жашоого мажбур болуп жаткандыгына так өздөрүнүн тиешеси бар экендигин эми түшүнө баштагандай түрү бар.

-Бул кодекстер менен эксперттер жана өкмөт гана эмес, депутаттар да бүт өлкөгө уят болушкандыгын моюнга алышыбыз керек, - деди Эльвира Сурабалдиева. Кийин ал өз Твиттеринде элди кыйнабай, келип чыккан маселелерди эртерээк чечүү керектигин кошумчалады.

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн эмоциясын жашыра албастан, Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйынды өз Твиттеринде: "Менин коллегаларым өздөрү кабыл алган мыйзамдар боюнча суроо берип, ал эми вице-премьерлер бул суроолорго эксперттердин жооп берүүсүн сурап жатышканын карап отуруп, таң калганыман оозум ачылды", - деп сүрөттөгөн.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул баардык каталыктарды, карама-каршылыктарды жана кемчиликтерди оңдоп чыгуу үчүн 600гө жакын нормативдүү-укуктук актыларды жана 200 мыйзам долбоорлорун бекитүү керек. Азыр кодекстерге оңдоолорду киргизүү боюнча жумушчу тобу иштеп жатат, - деп билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД