Жаныбарларга кордук көрсөтпөгүлөчү

Биздин өлкөнүн жашоочулары сөз кылуудан качып турган же байкабагандай түр көрсөткөн тема – бул зоопарк. Тагыраак айтканда, сөз Дене тарбия академиясынын жанындагы парктын аймагында жайгашкан зоопарк жөнүндө болмокчу. Бул жердеги зоопарктын өзү да, анда жайгаштырылган жаныбарлар да өтө аянычтуу абалда калган. Тар тордо камалган байкуш жаныбарлар ушунчалык жүдөп, арыктап жана керектүү тамактары жок ачка турушат (жаныбарларды нан берип багып жатышкандыгын көргөн күбөлөр бар).

Эмне үчүн бизде жаныбарларды коргой турган тиешелүү фонддор жок? Же алар жок болсо да, эмне үчүн өзүбүз эч бир аракет жасабайбыз?

Мени колдоп жана Кыргызстандын баардык аймактарына бул жаңылыкты жарыялап коюуңарды суранам.

Элдик жаңылыкты Зауре жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД