Жаңы премьер-министр болуп ким дайындалышы мүмкүн?

"Азыркы өкмөт жазында отставкага кетээри эч кандай шек туудурбай калды. Менин оюмча, муну министрлер кабинетинин мүчөлөрү деле түшүнүп турушса керек", - деп VB.KG редакциясына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясат таануучу Алишер Мамасалиев билдирди.

Анын пикири боюнча, саясий абалдын курчушунун башталышында, коомдо түзүлгөн нааразылыкты азайтуу үчүн бул өкмөт "садага чабылат".

-Өкмөттүн отставкасы автоматтуу түрдө көпчүлүк коалициясынын тарашына алып келет. Аны жаңыдан түзүү белгилүү бир убакытты талап кылуу менен калкты нааразы кылуудан алаксытат. Бирок эң башкысы – жаңы премьер-министр да дайындалмакчы. Жеке өзүм саясий кеңдикте "түндүк" жана "түштүк" балансын сактоо үчүн түндүк тараптын өкүлү тандалып алынат деп эсептейм. Кыргыз Республикасына саясий күчтөрдү бириктире алган жана парламентте колдоо таба алган, авторитети бийик, белгилүү саясатчы керек. Ошондуктан министрлер кабинетинин башчылыгына депутаттык фракциянын лидери келгени жакшы болмок. Бул анын саясий абройунун сакталып калышына да мүмкүндүк бермекчи, - деп белгиледи Мамасалиев.

Саясат таануучу 2017-жылы референдум аркылуу киргизилген түзөтүүлөрдөн кийин, премьерлик кызматка Жогорку Кеңештин депутаты да келе алат, деп кошумчалады.

-Эгер министрлер кабинетинин башчылыгына парламенттеги фракциянын лидери тандалса, ал өзүнүн мандатын тапшырбайт. Отставкадан кийин кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болуп кала берет, - деп эске салды Мамасалиев.

Ал эми министрлер кабинетинин башчылыгына мурдагы премьерлердин кайтып келүү маселесин алсак, саясат таануучунун пикири боюнча, мындай мүмкүнчүлүк аз.

-Мындай мисал менин эсимде жок. Менин оюмча, "экстер" мындай көрүнүштүн келечеги аз экендигине өздөрү деле түшүнсө керек. Албетте, ошол эле Өмүрбек Бабанов кадрлар жана саясий чечимдерди кабыл алуу тармагында өз алдынча премьерлигин көрсөткөн эле. Ал эми Темир Сарииевди алсак, анын кайсы берене боюнча кызматтан кеткендигин эсибизге түшүргөнүбүз жөндүү. Ошондуктан анын кайтып келүүсү ар кандай ойду жаратышы мүмкүн. Анын үстүнө аны ушул чакырылыштагы ЖК депутаттары отставкага кетиришпеди беле. Эгер ал кайра кызматка келе турган болсо, мыйзам чыгаруу органы эксперттер жана коомчулук тарабынан сынга кабылаары турган иш, - деп белгиледи Маматалиев.

Саясат таануучу маегинин аягында премьер-министр болуп саясий фракциялардын лидерлеринин бири дайындала тургандыгын, - кошумчалай кетти.

-Саясий аренада мындай көрүнүштү эл дагы түшүнүү менен кабыл алат, - деп сөзүн жыйынтыктады Алишер Мамасалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД