ЖК депутаттары: Азыркы өкмөттүн иши жаман эмес

Азыр парламентти таркатууга эч кандай негиз жок. Алардын экономикалык өнүгүш жана инфляция планы боюнча иштеринин көрсөткүчтөрү жаман эмес. Ал эми Социалдык өнүгүү, Билим жана илим, Саламаттыкты сактоо министрликтериндеги көйгөйлүү маселелер бир күндө эле пайда болуп калган жок. Мындай пикирин VB.KG редакциясына Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев билдирди.

Анын айткандарына караганда, жогоруда аталган министрликтердеги мындай абал көп жылдардан бери чогулуп келген.

-Бул маселелерди системалык түрдө иш алып баруу менен гана чечүүгө болот. Анын үстүнө мен өкмөттүн бат-бат алмаштырыла беришине каршымын. Бул жакшы жакка алып келбейт. Министрлер кабинетине бир нече жыл иштегенге мүмүкнүчүлүк түзүп, андан кийин гана баа берүү керек. Бул премьер-министрдин ишине да тиешелүү. Азыр парламентти таркатуу коркунучу жок – себеби ага эч негиз жок. Мыйзам чыгаруу органы иштеп жатат, өлкөнүн жашоосуна ылайыктуу долбоорлор жазылууда. Албетте, айрым бир катачылыктар бар, бирок, акырындык менен алар да оңдолууда, - деп баса белгиледи парламентарий.

ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева да өз коллегасы менен макулдугун билдирди. Ал белгилеп кеткендей, министрлер кабинетин отставкага кетирүүгө эч негиз жок.

-Албетте, депутаттар өкмөткө ишеним жоктугун билдире алышат. Бирок азыр укук коргоо жана соттук системаларда реформалар жүрүп жаткандыктан, бул терс натыйжаларды бериши мүмкүн. ЖК жана ЖПК кодекстериндеги кетирилген каталар үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары нааразылыктарын билдиришти, бирок, айтылып жүргөндөй, ашууда ат алмаштырылбайт. Өзгөчө, реформалар 2010-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткандыгын сөз кылсак, мына эми бул иш ордунан жыла баштады, - деп ишендирди Алтыбаева.

Парламент депутаты баса белгилегендей, коомчулукту жана маморгандарын чочулаткан жылуулук берүү сезону да күтүлбөгөн окуясы жок өтүп жатат.

-Азыркы өкмөттүн иши жаман эмес. Болгону, ал жакта көбүрөөк реформатор-адамдардын иштегенин каалар элек, - деп сөзүн жыйынтыктады Алтыбаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД