Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы структурасын күтүшүүдө

Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Транспорт министри кызматына көрсөткөн Жанат Бейшеновдун талапкерлигин кайра карабай эле коюуну чечишти.

Бул Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунун күн тарибинде каралуучу биринчи маселе эле. Бирок, кийин аны алып салышты. Бул маселе эртеңки пленардык отурумда да каралбай турган болду.

Депутаттардын өздөрү күн тартибиндеги өзгөрүүлөрдүн себебине жооп бере алышпады. Кожобек Рыспаев, мисалы, ден соолугуна байланыштуу жумушка жаңы эле чыкканын жана мунун себебин билбей тургандыгын мойнуна алды.Исхак Масалиев күн тартибинде бул маселе коюлгандыгынан такыр кабары жоктугун VB.KG редакциясына билдирди. Кененирээк жоопту Максат Сабиров берди.

-Ал жакта министрдин орун басары иштеп жатат, чечилбеген маселе деле жок. Анын үстүнө биз премьер-министрден өкмөттүн жаңы структурасын алып келүүсүн күтүүдөбүз. Анын убада бергенине көп болду, - деп түшүндүрдү Сабиров.

Чынында эле Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы сентябрь айында өкмөттүн жаңы структтурасын сунуш кылууга убадасын берген. Кийин аны ноябрга жылдырышты, бирок, документ ушул күнгө чейин парламенттин кароосуна бериле элек. Өкмөт мүчөлөрү өкмөттүн жаңы структурасы үстүбүздөгү жылдын февраль айында сунуш кылынаарын VB.KG редакциясына кабарлашты.

Эске салсак, Транспорт министрлигинин министри 2018-жылдын 15-декабрында кызматынан алынган. Мурдагы министр Жамшитбек Кабылов, орун басары паракорлукка шектелип кармалгандан кийин, өз каалоосу менен кызматынан кеткен. 15-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы министрлик кызмат ордуна Жанат Бейшеновдун талапкерлигин сунуш кылган эле. 17-январда өкмөттүн жаңы мүчөсү катары анын талапкерлиги Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого алынып же четке кагылышы керек эле, бирок, депутаттар бул маселени карап чыгууга үлгүрүшкөн жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД