Зилалиев тарабынан берилген лицензиялар кайрадан текшерүүгө алынат

Азыр тергөө-камагына алынган Зилалиев тарабынан берилген лицензиялардын көбү кайрадан текшерүүгө алынат. Бул жөнүндө "Кыргыз Республикасынын тоо-кен байлыктарын иштетүү тармагында коопсуздук маселеси" боюнча КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумунда УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.

-Тергөө учурунда лицензиялардын көпчүлүгү жөн гана башкаларга сатылып кеткендиги аныкталды. Алтын кенин иштетүү боюнча 41 лицензия бир адамга сатылган. Лицензияны кармап отурган 13 компания текшерилип, алар боюнча материалдар сотко өткөрүлүп берилди. Ал эми ишке киргизилип жаткандары боюнча да текшерүү иштери жүргүзүлүүдө, - деп белгиледи Мамкомитеттин төрагасы.

Бул билдирүүлөргө карата КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мамлекеттин пайдасына лицензияларды берүү маселесин кайрадан карап чыгуу керектигин талап кылды.

-Тоо-кенин иштетүү тармагы – биздин стратегиялык багыттарыбыздын бири болуп саналат. Эгер биз бул ишти колго албасак, келтирилген зыянды толтура албай калабыз. Бул жерде ким күнөөлүү, эмне үчүн бир адамга 41 лицензия берилип калган? Буга ошол эле алып-сатарлык аркылуу да мыйзам жол берсе керек. Эки жарым миңден ашык лицензияны алууга уруксат берилген экен, ал эми бир нечеси гана ишке киргизилиптир, ошондо да бардык жерде тымызын иштер жүрүүдө. Миллиондогон долларлар көмүскө экономикада калууда, биз бул маселеге көңүл бурбасак болбойт, - деген пикирин айтты Жогорку Кеңештин депутаты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД