Имамдар кылмыш жаза Кодекси жөнүндө түшүндүрүү иштерин баштады

Кыргызстандын мечиттеринде имамдар намаз учурунда эрте никеге турууга жол бербөө жана ал үчүн кандай кылмыш жазасына тартыла тургандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты. Алар Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза Кодексинин 155-беренесин (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) - Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруу боюнча диний каада жасаган адам, ошого тете жашы жетпеген менен никеге туруу боюнча диний каада жасалган жашы жеткен адам - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалана тургандыгын мисал келтиришүүдө.

Бул жөнүндө VB.KG редакциясына "Аялдардын дүйнөлүк банкы" Коомдук фондунун директору Гулсана Абытова айтып берди. Бул уюм диний долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенет.

Анын сөздөрү боюнча, ПРООН жана Англия элчилиги тарабынан каржыланган долбоордун чегинде, былтыркы жылдын жай айларынан баштап Муяфтият жана Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте мечиттин имамдары үчүн эрте никеге турууга жол бербөө боюнча тренингдер өткөрүлгөн.

-Адегенде биз диний лидерлерди аныктап, алар менен мамиле түзүүдөн баштадык. Анан алардын 20 өкүлүн тандап алдык, анын жарымын аялдар түздү. Долбоордун маселелерин ишке ашырууда биз баардык имамдарга керектүү материалдарды таратып бердик. Ошентип октябрь айынан тартып, имамдар мечиттерде жума намазы учурунда эрте никеге туруунун зыяндуулугу жана ал үчүн кандай кылмыш жазасына тартыла тургандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин башташты. Мындан тышкары алар мечитке келгендерге ислам дини боюнча жигиттер жана кыздар физикалык жана психологиялык жактан даяр болушканда гана никеге туруу керектиги жөнүндө айтып беришүүдө. Биз үчүн бул маселени эркектердин жакшы түшүнгөнү маанилүү, анткени, алардын көпчүлүгү өз кыздарынын келечеги боюнча чечимди кабыл алышат эмеспи, - деп түшүндүрдү Абытова.

Мындай иштер аялдар медресесиндеги студент кыздар менен да жүргүзүлдү.

-Алар менен ишти диний лидер-аялдар алып барышты. Анткени, бул жерде окуган кыздар чөйрөдөн обочолонуп жашашат, демек, маалымат алуудан четте калышат. Эрте никеге турууда мына так ушулар жапа чегишет. Лидер-аялдар мындан сырткары айылда жашаган аялдар менен да иш алып барышып, эрте никеге туруунун жаш кыздарга тийгизген зыяны тууралуу айтып беришти. Статистика боюнча так ошол жашы жете элек кыздардын көбү никеге тургандан кийин төрөт учурунда өлүмгө учурайт, - деп сөзүн жыйынтыктады Гүлсана Замировна.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД