Инвесторлор жергиликтүү тургундар үчүн кытай тилинин курсун ачышты

"Куньшэн Горнопром" компаниясы аукционго катышуунун жыйынтыгы боюнча, Баткен облусундагы "Кан" кениндеги Тахмат-Дангыз, Центральный, Шунк, Камилсай жана Восточный участкаларында "2018-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүү жана кен байлыктарын иштетүү укугун алган, деп КР инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча Агентствосунан билдиришти.

Инвестициянын жалпы суммасы баштапкы этапта 13.55 млн АКШ долларын түзөт (кен байытуу заводунун курулушун эсептебегенде).

Долбоорду ишке ашыруу үч этап менен жүргүзүлөт: биринчи этап – кен байлыктарына чалгындоо ишин жүргүзүү, экинчи этап – шахтаны куруу, үчүнчү этап – кен байытуу заводун куруу. Курулуштун жүрүшүнүн жалпы мөөнөтү 5 жылды түзөт.

Азыркы убакта кен чыккан жерде изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн КЭРден келген жана жардам берүү үчүн чакырылган жергиликтүү тургундар менен кошкондо, жалпы саны 20 адис жумушка тартылган. Бир жыл ичинде жүргүзүлгөн изилдөө иштеринен кийин, инвестор жер алдындагы кенди текшерүү ишин баштайт.

Компаниянын инвестордук ишмердиги жергиликтүү тургундардын жана жергиликтүү башкаруу органдарынын колдооосуна ээ болгондугун жүргүзүлгөн чогулуштардын жыйынтыгы күбөлөндүрмөкчү.

Өлкөлөр арасындагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөө максатында Кытай Эл Республикасы тарабынан сунушталган "Бир жол, бир алкак" концепциясынын негизинде, аймактарга жардам катары жергиликтүү мектепке 12 компьютер берилди.

Ошону менен бирге эле "Куньшэн Горнопром" компаниясы үстүбүздөгү жылдын 5-январынан баштап, Кадамжай районундагы Совет айыл аймагында жергиликтүү тургундар үчүн кытай тилин үйрөтүү курсун ачты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД