Иса Өмүркулов: Түкүрүк үчүн 200 сом штраф төлөтүү керек

Депутат Иса Өмүркулов түкүрүк үчүн 5 500 сом штраф суммасы көп деп эсептейт. Ал мындай пикирин govori.tv берген маегинде билдирди.

Элдик депутаттын сөздөрү боюнча, мындан аз суммалар менен чектелүү туура болмок.

-Жалпысынан алганда, жаңы кодекстер жана штрафтар менен байланышкан бүгүнкү абал, өкмөттүн бул маселени толугу менен иштеп чыкпагандыгын көрсөттү. Көпчүлүк адамдар үчүн түшүнүксүз суроолор өтө көп болууда. Мисалы, эмне үчүн ЖЖКББна тиешелүү болгон функциялардын көпчүлүгү транспорт министрлигине берилип калган? Мына ушуга окшогон суроолор толтура. Ошол эле түкүрүк боюнча штрафтын суммасы өтө эле көп. Бул штрафтын суммасын 200 – 300 сом менен төлөтүшсө туура болмок. Ошол эле учурда мен коомдук жайларда түкүрүүнү маданияттын жана тарбиянын жоктугун билдирип тургандыгы катары түшүнөм жана ага карата тиешелүү чаралардын көрүлүшүнө макулмун, - деди Өмүркулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД