Ишканалардагы чет элдик жумушчуларды текшерүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республиткасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматы, ИИМ жана жарандык активисттер менен бирдикте Чүй облусундагы чет элдик жумушчулар иштеген ишканаларга барып, текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Алгач миграция кызматынын кызматкерлери жана жарандык активисттер Токмок шаарындагы нефтини кайра иштетип чыгаруучу заводго (ЖсКК "Токмок ДНПЗ) барышты. Бул ишкананын директорунун орун басары Чжэн Сюэмдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү бул ишканада Кыргыз Республикасынын – 74 жараны жана Кытай Эл Республикасынын 34 жараны эмгектенет.

"КЭРнын жарандары бул заводдун аймагында жайгашан жатаканада жашашат. 2012- жылдан бери кытайлык тараптан заводду куруу жана ишке киргизүү үчүн 60 млн АКШ доллары бөлүнүп берилген. Заводдун жумушчулары жыл сайын адистикке үйрөтүү боюнча окууга барып келишет. Бизнестин социалдык милдетинин маанилүүлүгүн эске алуу менен, жергиликтүү айылдык мектепке компьютерлер сатылып берилип, айылдын жолдоруна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары биз ар кандай майрамдык салтанатту иш-чараларды өткөрүүгө жардамыбызды берип турабыз", - деди ал.

Делегация андан ары 400 жумушчу эмгектенген ЖчКК "Кант труба-шифердик ишканасына" барды. Ишкананын акционери Танвир Афтабдын маалыматына караганда, бул жерде Пакистан Ислам Республикасынын 3 жараны - ал жана анын 2 техникалык кеңешчиси иштейт.

-"Баардык жумушчулар КР Эмгек кодексине ылайык жумушка алынган. Алардын жарандыгына карабастан, баардык жумушчуларга бирдей эмгек шарты түзүлүп берилген. Эмдиги жылы биз Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы завод курууну баштайбыз", - деди акционер.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын чет элдик жарандар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кудайбердиев чет элдик жумушчу күчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсү боюнча киргизилген жаңы эрежелер жөнүндө эске салды.

-"Керектүү мыйзамдык актылар даярдалып бүттү. Ошондуктан дагы бир жолу эске салып, жаңы эрежелерге ылайык, жергиликтүү жана чет элдик жумушчу күчүнүн айырмасы 80% жана 20% түзмөкчү. Ошондой эле ар бир чет элдик жумушчусунан бөлүнүп берилүүчү сумма да жогорулатылат. Ал жылына 30 миң сомду түзөт", - деди Б. Кудайбергенов.

Мындай текшерүү иш-чарасын ачык-айкын жүргүзүү максатында, бул иш-чарага "Кыргыз чоролору" коомдук кыймылынын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев да чакырылган. Ал дагы мындай текшерүүнү жүргүзүү манилүү экендигин белгиледи.

-"Биз дагы мындай текшерүүлөр дайыма жүргүзүлүп турушун каалар элек. Биздин кыймыл инвесторлорго каршы эч кандай иш алып барбайт, бирок, алар ата-мекендик мыйзамдарды сөзсүз сактоосу керектигин белгилеп кетким келет", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД