Кароосуз калган 2 кыз балдар үйүндө жашап жатышат

Ош шаарында жүргүзүлгөн "Түнкү өспүрүм" текшерүү рейд учурунда, милиция кызматкерелери Өзгөн көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен ата-энесинин кароосу жок калган 2 жана 4 жаштагы эки кызды таап алышкан. Бул жөнүндө Оштун ИИБ пресс-кызматы билдирди.

-Бир аял эки кызы менен ушул үйдөгү батирде жашап жүргөн. Бир күнү ал жумушка кетип, ошол боюнча дайынсыз жоголгон. Анын жоголгонуна 10 күндөн ашып калды. Ошол убакыттан бери бул кыздарга кошуна бөлмөдө жашаган аял кам көрүп келген, - деп VB.KG редакциясына Ош шаарынын ИИБ кабарлашты.

Күч органдарынын маалыматына ылайык, кыздардын ысымдары Мадина жана Бүна, алардын апасынын ысымы – Хаитхон экендиги аныкталган.

-Кыздардын тышкы келбетине жана кийген кийимдерине караганда, бул үй бүлө өтө начар шартта жашаган. Биз кыздардын апасынын аман-эсендигин билүү үчүн өз каналдарыбыз боюнча издөөгө алуудабыз. Бирок, турмуш-шартынын оордугунан жана каражаттын жетишсиздигинен ал аял балдарын таштап кетүүнү чечсе керек деген шегибиз бар, - деп түштүк борбордун ИИБ толуктады.

Мындан бир нече күн мурда кыздардын апасы байланышка чыгып, кайтып келе тургандыгын билдирген. Анын телефону өчүрүлгөндүктөн сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Азыр кыздардын экөө тең балдар үйүндө жашап жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД