Көчөдө түкүрүнгөндүк боюнча шаардык мэрия түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Ар кандай тартип бузган жарандарга штраф салуу боюнча чечимдерди мэрияда түзүлгөн комиссия кабыл алат. Азырынча мындай комиссия түзүлө элек. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

-Тартип бузуулар боюнча жаңы Кодекстин киргизилиши менен мэрия алдына көптөгөн маселелер коюлду. Азыр баардыгы түкүрүнгөндүк боюнча кандай штраф салынаарын гана талкуулашууда, бирок, жергиликтүү башкаруу органдары башка тартип бузууларды дагы, жарнама, турукташтыруу, санитардык тармактарда жана көпчүлүк жүргөн жерлерде тартипти сактоо ж.б. боюнча маселелер да каралат. Биз аткаруучу милдеттерге баардыгы болуп жаңы Кодекстин 27 беренеси кирет, - деп түшүндүрдү борбордук администрация пресс-кызматынын өкүлү.

Мына бул маселелерди кароо үчүн, анын үстүнө ар кандай тартип бузуулар учурунда адамдарга штраф салуу боюнча ар бир калк жашаган жерде комиссия түзүү керек. Бишкекте мындай 4 комиссия – шаардын ар бир районунда бирден түзүлөт.

-Комиссия мүчөлөрүн чогултуу үчүн, мэриянын жана мамлекеттик органдардын кайсы структурасынын кызматкерлери кире тургандыгын бекитүү керек. Мисалы, эгерде ТКК боюнча тартип бузуу катталса, мына ушул тармактын өкүлдөрү болушу шарт, айрым учурларда МКК жана башка уюмдардын кызматкерлери кошулат, сөзсүз түрдө ИИМ кызматкерлери да катышат. Бирок мыйзамга ылайык, биз керектүү кызматкерлерди чогултуп алып эле чечимдерди чыгара баштай албайбыз. Бул үчүн Бишкек шаардык кеңешинин токтому чыгышы керек. Биз шаардык депутаттар 20-январга жакын убакта сессияга чогулуп, керектүү документтерди кабыл алышын күтүүдөбүз. Мэрия азыр токтомдун долбоорун даярдап койду, - деп сөзүн жыйынтыктады Гуля Алмамбетова.

2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген тартип бузуулар боюнча жаңы Кодекс иштей баштоосу үчүн, жогорудагыдай жүргүзүлүп жаткан иштер республиканын баардык калк жашаган жерлеринде жүргүзүлүшү керек. Ал эми азырынча бир дагы тартип бузуучу штраф төлөй элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД