Кыргызстандын ИДП өсүүсү 8 – 10 процентке жетиши мүмкүнбү?

Ушул жылы ИДП өсүү деңгээли 3-4 процентке жетээрин Дүйнөлүк банк Global Economic Prospects: Darkening Skies докладында жарыялады. Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги пландаштырган 4 процент, ВБ аналитиктеринин пикири боюнча 2022-жылы гана жетүүгө тийиш.

Бирок, экономист Арзыбек Кожошев МВФ жана ВБ прогноздору дайыма консервативдүү болуп келген деген ишеничте.

-Былтыркы жылдагы 11 айдын жыйынтыгын алганда ИДП өсүүсү биздин республикада 3,1 процентти түзгөн. Быйылкы жылда чынында эле өсүү 4 процентке жетет деп болжолдонууда. Дароо эле белгилеп кетким келет, өнүгүп бараткан өлкө үчүн бул аздык кылат. 2-3 проценттик өсүштүн статистикасы "табигый өсүү" деп аталат. Жакшы динамика болуусу үчүн өсүү 8-10 проценттен кем болбой жана жылына 6-7 проценттен кем эмес болуусу керек. Ошондуктан МВФ менен ВБ прогноздору – жергиликтүү эксперттердин деңгээлинде болууда, - деп VB.KG редакциясына Кожошев белгиледи.

Жалпысынан алганда азыркы убакта республикада экономикалык абал жакшы эле болууда.

-Бирок ал азырынча дагы эле "Кумтөргө" көз каранды бойдон калууда, ошондуктан мындан ары диверсификация маселесин иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары биз туристтик секторго көбүрөөк басым жасообуз керек. Албетте, бул жылы ДКО өткөрүлбөйт, бирок, жаңы маданият жана туризм министри туристтерди тартуу боюнча маселелерге активдүү киришет деген үмүттөбүз. РКФР ишмердүүлүгү да жакшырып, азыр 300 млн доллар бөлүнүп берилди, ушуга байланыштуу бизде көптөгөн ишканалар, анын ичинде кайрадан иштеп чыгаруу секторлору ачылууда. Натыйжада бул Кыргызстандын экономикасы үчүн жакшы түрткү бермекчи, - деп эсептейт Кожошев.

Албетте, азыркы учурда түз инвестицияларды тартуу жана өлкөгө чет жактан капиталдын келиши боюнча абал жакшырган жок деп баса белгиледи экономист.

-Анын үстүнө 2018-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча чет жактан келген капиталдын азайгандыгы байкалууда. Бул инвестиция келбегендиги гана эмес, мүмкүн анын Кыргызстандан чыгарылып кетип жаткандыгын көрсөтөт. Бир нерсенин өзгөрүүсү жүрүшү үчүн үч эрежени сактоо керек: биринчиси – саясий туруктуулук, экинчиси – мыйзамдуулуктун сакталышы, бизнести жана инвестицияны мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо жана үчүнчүсү – паракорчулук менен күрөшүү. Ооба, акыркысы менен күрөш жүрүүдө, бирок азырынча инвесторлор биздин мамлекетеке ишеним көрсөтүүдө шашкан түрү жок. Эгер ушунун баары ишке аша турган болсо, Кыргыз Республикасынын экономикасында мындан да жакшы динамика байкалат, - деп сөзүн жыйнтыктады Арзыбек Кожошев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД