Медресенин курулушу коңшуларга ыңгайсыздык жаратууда

Мен Бишкек шаарынын Ленин районундагы "Ынтымак" конушунда жашайм. Үйүмө жакын жерге медресенин үч кабаттуу имараты курулгандыктан, 3 жылдан бери короомо көлөкө түшүп, эч нерсе өспөй калды.

Медреседе окугандар имараттын терезесин ачып таштандыларды короомо ыргытышып жана каттуу кыйкырып сүйлөп тынчымды алышууда. Бүгүн эртең менен турсам, короодогу клетканын ачылып калганын жана бакма коёндорумдун өлүп жатканын көрдүм. Таш менен уруп өлтүрүшкөн окшойт. Короомдун баардык тарабы дубал менен тосулган, медресе тарабы гана ачык калган, анткени имарат курулганда ачып салышкан. Өзүм ден соолугума байланыштуу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 2 группасында катталгам. Короонун медресе жак тарабын топурактан дубал тургузуп тосуп алууга аракет кылгам, бирок медресенин окуучулары короо аркылуу өтүп кийимдерин жайышкандыктан ачык бойдон турат.

Куруучлар менин короомду ажатканага айландырып алышты, алар менен урушуканга чейин барууга туура келип жатат, кечирим сурашканы менен тынчымды алганды улантышууда.

Менин кайрылуумду гезитке жарыялап коюуңарды силерден суранам, эл окуса аткаминерлер көңүлүн бурушаар. Азыр 102ге телефон чалып, милиция кызматкерин чакырдым, менин коёндорумду таш менен уруп өлтүрүшкөндөй, өмүрүмө коркунуч туулабы деп корком. Эгер КМДБ өкүлдөрү окуп калышса көңүл буруп, чара көрүшөөр. Мен дагы канчага чейин булар менен күрөшүп, көз жашымды төгүп жүрө берем белгисиз.

Элдик жаңылыкты Жеңишгүл жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД