Москвада жол кырсыгына кабылган кыргызстандык кыз акыл-эсин жоготту

Москва облусундагы Дзержинский шаарынын ден соолукту калыбына келтирүү борборунда акыл-эсинен ажыраган кыз дарыланууда. Ал өзүнүн ким экендигин жана кайдан келгендигин эстей албай жатат. Бул жөнүндө өз соцтармак барактарына Кубан Абылкасымов баяндап жазып жиберген.

Анын айткандарына караганда, Гүлнурду (паспортунда ысымы ушундай жазылган) ооруканадан бир нече күн мурда ушул ден соолукту калыбына келтирүүчү борборго которушкан. Ал жол кырсыгына кабылгандан кийин ошол ооруканада дарыланган экен.

-Ал өзү жөнүндө эч нерсени эстей албайт. Албетте, аны дарылап, кам көрүп жатышат, бирок, бул ден соолукту калыбына келтирүү борборунда көп убакытка чейин жаткырышпайт. Бул жерде дарылануу мөөнөтүнүн узактыгы – 9 ай, - деп түшүндүрдү VB.KG редакциясына Кубан Абылкасымов.

Интернетте Кубандын маалыматын окугандардын арасынан, акыл-эсин жоготкон кыз менен бир убакта бирге жашаган жана иштешкен адамдар өз ой-пикирлерин жазып жиберишкен.

-Кийин белгилүү болгондой, Гүлнур апасы менен Москвага келип, чогуу жашаган экен. Бул жерде кыз турмушка чыгып, бир кыздуу болуп жашап жатышканда, мындан үч-төрт жыл мурда кырсык болуп – аны машина урдуруп кетиптир. Бул кырсыктан кийин ал кыздын ден соолугу начарлап, башына операция жасалган. Ал акыл-эсин жогото баштап, таяк таянып басып калыптыр, - дейт Абылкасымов.

Ошондон кийин оорулуу кызга анын курдашы кам көрүп, тиричилик жагынан жардам берип турган. Бирок, бир канча убакыттан кийин курдаш кыз менен Гүлнурдун жолдошунун ортосунда махабат романы башталып, алар оорулуу кызды таштап кетип калышкан. Ал эми оорулуу кыз жалгыз жан сактап, жанын багып кала берген.

Гүлнур менен бирге дүкөндө чогуу иштеген кыздын сөздөрүнө караганда, кыз жалгызмын, эч кимим жок, Москвага жөө келгем деп айткан. Бирок, жакында эле анын апасы менен бир тууганы табылды. Көрсө, алар көптөн бери Гүлнурду издеп жүрүшүптүр, эми Москвага алып кетүүгө даярданышууда, - деп кошумчалады Кубан Абылкасымов.

Анын айткандары боюнча, кыз чынында эле акыл-эсинен ажырап, жабыркап жүрөт, кээде оорусу кармаган кезде эс-учун жоготуп койгон учурлар да болот. Мындай оорулуу абалда ири шаарда жашоо кыйын, ошондуктан, мүмкүн кийин ага жардам көрсөтүү керек болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД