Пансионат тиричилик калдыктарын көлгө куюп жатабы?

Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пансионаттардын биринде тиричилик калдыктары түз эле көлгө куюлуп жаткандыгын видеого тартып алган Таалай, Интернетке (Facebook) жарыялаган.

Биринчи видеодо чоң суу чөөтү көрсөтүлүп, мотордун иштеп жаткан добушу угулат. Кадр артындагы үн, канализациянын калдыктары соруп чыгарылган кир суу түз эле көлдү көздөй агып жаткандыгы жөнүндө айтат.

Кийинки видеодо бул кир суу калдыктары арык аркылуу көлгө куюлуп жаткандагысы көрсөтүлөт.

Интернет колдонуучусу өз түшүндүрмөсүндө бул пансионат "Дельфин-де-люкс" деп аталып, ал "Золотые пески" пансионатынын жанында жайгашкандыгын көрсөткөн.

Ошондой болсо да, VB.KG редакциясы бул маселе боюнча Ысык-Көл облусунун Мамэкотехинспекциясына кайрылган кезинде, алар бул маалыматтын туура эместигин айтышты.

Бул мекеменин экологу Максат Кыштобаевдин айтканына караганда, сөз жер алдынан чыгып жаткан суулар жөнүндө жүрүп жатат.

-Бул видео боюнча биз тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүздүк. Биздин кызматкерлер жакында ал жакка барып бул факт боюнча текшерүү жүргүзүп, жер алдынан чыгып жаткан сууларды сордуруп жатышкандыгын көрүп кайтышты, - деп түшүндүрдү Кыштобаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД