Президент көзөмөл органдарынын жүргүзгөн ишине ыраазы эмес

Жергиликтүү тургундар менен инвесторлордун ортосундагы "кагылыштардын" себептерин Башкы прокуратура так жана кылдаттык менен текшерип чыгуусу керек. Бул жөнүндө президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын тоо-кен байлыктарын иштетүү тармагындагы коопсуздук маселеси" боюнча КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумунда билдирди.

-Бийлик органдары жергиликтүү жарандар менен түшүндүрүү иштерин алгылыктуу жүргүзбөй жатат. Бизде жергиликтүү тургундар да, жергиликтүү бийлик да кен байлыктарын иштетүү үчүн лицензиялар кимге, кайсы компанияга берилип жаткандыгын билишпейт, мына ушул себептен түшүнбөстүктөр келип чыгууда. Жергиликтүү тургундарга маалымат жетпегендиктен, чагымчылдар атайылап чыр-чатак уюштурушууда. Анын натыйжасында эл менен компания жабыр тартып жатат, - деп белгиледи Жээнбеков.

Анын пикири боюнча, укук коргоо органдарынын ишмердигинде жетишпестиктер бар. Алар чагымчылдарды, чыр-чатакты уюштургандарды аныктоо иштерин канааттандырарлык эмес алып барып жатышат.

-Мисалы, Макмал кенинде түзүлгөн абалды алалычы. Жергиликтүү тургундарга инвестор жөнүндө ачык айтып беришти эле, алар түшүнүү менен кабыл алышты. Азыр инвестор тынч иштеп жатат, мына салык да төлөнө баштады. Мындай учурларда алдын ала эскертүү иштери жүргүзүлүп, өз учурунда чара көрүлүшү керек, бул укук коргоо органдарына тиешелүү, - деп эскертти президент.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД