Роза Отунбаева оппозицияны чогултуп жатабы?

Убагы келгенде Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү өлкөдө азыр жетишпей жаткан оппозиция болуп калышын жокко чыгарууга болбойт, - деп VB.KG редакциясына саясатчы Марс Сариев билдирди.

Анын үстүнө эгер саясат майданына "оор салмактуу" Өмүрбек Текебаев жана эммиграцияга кетүүгө мажбур болгон Өмүрбек Бабанов кайрылып келип калышса ушундай болушу мүмкүн деген ишеничте саясатчы.

-Саясат деген ушундай, анда ар кандай оюндар жүрүшү мүмкүн. Баардыгы күчтөрдүн салмагына жана кызыкчылыктарга байланыштуу болот. Жалпы жонунан алганда "убактылуулардын" активдешүүсү алдыда боло турган шайлоолор менен түз байланышкан. Эгер саясатчы оюнда калгысы келсе, ал дайыма көңүлдүн чордонунда болушу керек эмеспи. Ошондуктан азыр ресурсту топтоо аракети жүрүүдө, анткени, "убактылуулар" жаз айларында кандайдыр-бир олуттуу саясий жүрүштөр болоорун түшүнүп турушат. Анын үстүнө УӨ көпчүлүк өкүлдөрү – саясаттан кетүүгө убагы келген фигуралар. Чынында бул алардын саясатта калуудагы акыркы мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет, - деп түшүндүрдү Марс Сариев.

Эске салсак, жакында Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевге ырайым көрсөтүү сунушун Сооронбай Жээнбеков колдобой койгонуна кескин жооп кайтарды. Өткөөл мезгилдин президенти өзү берген маегинде "өлкөдө саясий абал жөнөкөй эмес, ал эми мындай көрүнүштөр аны курчутуп жиберет" деп билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД