Россиядагы кыргыздар "аккалпакчы" Маматаевди сотко берүүнү пландаштырууда

Россияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын сөздөрү боюнча, алардын өз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүүгө толук укугу бар.

"Бүткүл россиялык кыргыз конгресси" коомдук уюму "Ак калпак" саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаевди, анын мигранттар жөнүндөгү айткан сөздөрү үчүн сотко бериши мүмкүн. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына БКК Кыргызстандагы өкүлү Камбар Пусуров билдирди.

Анын сөздөрү боюнча бул маселе азыр талкууланып жатат.

-Биздин уюмга Россиядагы 60дан ашык кыргыз диаспоралары кирет жана мен бул маселеде алардын өкүлдөрүнүн пикирлери бирдей экендигин билдирем. Алгач биз мырза Маматаевге маалымат берүү максатында, чет мамлекеттерде иштеп жатышкан мигранттар да, анын ичинде Россияда эмгектенгендер да Кыргызстандын жарандары болуп эсептелээрин айта кеткибиз келет. Азыркы учурда Россиянын жарандыгын алган адамдарды эсептебегенде, ал жакта 680 миң кыргызстандыктар иштеп жатышат. Албетте, Россиянын жарандыгын алгандар мигрант болуп эсептелбейт. Бирок Улукбек Маматаев бизге сөзмө-сөз мааниде айтып кайрылбадыбы. Биз анын пикири менен такыр макул эмеспиз. Биз Кыргызстандын жараны болгондуктан, өз өлкөбүздүн ички иштерине толугу менен кийлигише да жана пикирибизди да айта алабыз.

"Бүткүл россиялык кыргыз конгресси" коомдук уюмунун өкүлдөрү Улукбек Маматаевдын өзү менен ата мекендик телеберүүлөрдүн биринде да бетме-бет жолугууну пландаштырууда.

-Бизди телеберүүлөрдүн бирине катышууга чакырышты, коомчулуктун алдында өз пикирибизди айтыш үчүн, биз ал жерге Маматаевдин өзүн да чакырууну сурандык, - деди БККнын Кыргызстандагы өкүлү.

Эске салсак, мурда Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү экс-прокурор Азимбек Бекназаровдун орус тилинин расмий статусун алып салуу боюнча сунушуна каршылыгын билдиришкен эле. Өз кезегинде "Ак калпак" саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев интернет аркылуу аларды Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөө кеңешин берген.

"Урматтуу мырзалар, силерди гастарбайтерлер же болбосо мигранттар деп атайбызбы билбейт экенмин, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегиле деген кеңешимди берээр элем. Ансыз деле Россиянын биздин өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнөн өтө эле артта калып жатабыз. Силер Россиядагы өз иштериңер менен алек болгонуңар жакшы. Эгер Кыргызстанга жардам бергиңер келсе, анда бул жакка келгиле да ушул жерде иштегиле. Биз деле Кыргызстанда, иштеп, жашоо үчүн күрөшүп, оокатыбызды өткөрүп жатпайбызбы. Силердин көпчүлүгүңөр Россиянын жараны болуп алдыңар", - деп интернетке жазган эле Улукбек Маматаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД