Таштандыларды жагып тамак даярдаган кафеге арызданышууда

Биздин тынчыбызды алган маселе боюнча мен Бишкек шааырынын мэриясына жана шаардык Мамэкотехинспекциясына кайрылгым келет. Эмне үчүн силердин токтомуңар, нормаңар жана эрежеңер сакталбай калууда? Эмне үчүн зыяндуу таштандылар менен от жаккандарга штраф салбайсыңар? Эмне үчүн таштандыларды жагып үйлөрүн жана кафелерин жылыткандарга жана тамак даярдагандарга өз убагында текшерүү жүргүзүлбөйт?

Мындай зыяндуу таштандылардын жагылышынан шаардын экологиясы, климаты булганып жатпайбы. Эмне үчүн силер биздин өлкөнүн жашоочуларынын ден соолугуна кам көрбөйсүңөр? Силер зыяндуу таштандыларды жагып жаткан жарандарга жаза колдоно аласыңарбы? Же көчөдө түкүргөндөргө гана штраф салганга күчүңөр жетеби?

Окуянын жайы мындай: Бишкек шаарынын Баялинов көчөсүндө № 139, жайгашкан "Жоробек" кафесиндегилер дайыма тигүүчү цехтин таштандыларын жагып кафенин ичин жылытышат жана тамак даярдашат. Бул ден соолукка зыяндуу таштандылар да, туурабы? Урматтуу шаардын тургундары, силердин оюңар кандай? Бул кафедегилерди тартипке чакырганга мэриянын күчү жетеби?

Элдик жаңылыкты Рашид жиберген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД