"Тез жардамдын" врачтарына ыраазычылыгымды билдирем

Саламатсыздарбы!

Дем алыш күндөрү тез жардамга кайрылууга туура келди... Кичинекей кызымдын көкүрөгүнүн сол жак тарабы катуу ооруп, деми жетпей жатып калды... "Тез жардамдын" кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдиргим келет, алар тез жетип келгени менен бизди таң калтырып, кичи пейил жана сый мамиле жасашып медициналык жардам көрсөтүштү. Баардык керектүү жардам жана кеңештерин, дары-дармектерин берип кетишти.

"Тез жардамдын" кызматкерлерине да чың ден соолук, иштерине ийгилик жана баардык жакшылыктарды каалайм!

Элдик жаңылыкты Айгүл жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД