Тезинен светофор орнотуу талап кылынат

Кече жакында эле Жумабек – Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кезектеги жол кырсыгы катталды. Түштүк Корея үлгүсүндөгү ДЭУ жана немистердин АУДИ-100 жеңил автомашиналары катуу кагылышкан экен, ДЭУ жолдун чекесине ыргып, үйдүн дубалына 5 метр жетпей токтогон. Жараткандын күчү менен Жумабек көчөсүндөгү № 125 үйдүн жашоочулары өлүм кырсыгынан аман калышты.

Бийик кабаттуу 7 үй жайгашкан мына ушул көчөлөрдүн кесилишине светофор орнотуу керектиги боюнча Мэрияга жана МАИге канча жолу кайрылуу керек?

Ошондуктан кайрадан "Вечерний Бишкек" гезитине кайрадан жардам сурап кайрылуудамын, менин атымдан РАСМИЙ КАЙРЫЛУУ катары шаардын Мэриясына жана МАИге дагы бир жолу жарыялап, Жумабек-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине светофор орнотуу зарыл экендигин билдирип койгулачы. Бул көчөлөрдүн кесилишинде автомашина тыгындары көп болгондуктан акыркы эки жылда транспорттук –жол кырсыгы көп катталууда.

Шаардыктардын жашоосун гүлдөтүп атабыз деп сүйлөгөндү жакшы көргөн Мэриянын жана МАИнин жетекчилери менин кайрылуума көңүл бурушаар бекен же адаттагыдай эле суроо талапты аткарбай жана жоопсуз калтырышабы.

Элдик жаңылыкты Кубан жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД