Текебаев Атамбаев менен Сегизбаевди паракорчу жана бийликти өзүнө ыйгарып а

Өлкөнүн башкы "атамекенчиси" Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын дептутаттарына кайрылып, экс-президент Атамбаевди жоопко тартууга мүмкүндүк бере турган "Бийликти өзүнө ыйгарып алуу" беренесин жаңы Кылмыш жаза кодесине киргизүү боюнча демилге көтөрүүсүн суранды. Экс-депутаттын сунушу "Азия Ньюс" гезитине жарыяланды.

Экс-депутуттын айткандарына караганда, 2010-жылы Конституциянын 5-беренесине "Бийликти өзүнө ыйгарып алуу" нормасы оор кылмыш жасагандык катары киргизилген, бирок, ал кандайдыр-бир себептер менен Кылмыш жаза кодексине кирбей калган.

-Аны кодекске киргизүү зарыл, анткени, ал өлкөнүн башкы мыйзамында чагылдырылган. Экс-президент Атамбаевдин иш аракети мына ушул беренеге туш келет, анткени, ал бийликте турган кезинде өкмөттү гана эмес, башкы прокуратураны, эсептөө палатасын, сотторду жана башка маморгандарын өзүнө баш ийдирип алган. Ошону менен бирге өзү аларга түз көрсөтмө бербестен, шоопурларын, жан сакчыларын жана жардамчыларын колдонгон. Ошондуктан мен силердин гезит аркылуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарына кайрылып, алардын КЖК "Бийликти өзүнө ыйгарып алуу" беренесин киргизүү демилгесин көтөрүүсүн каалайм, - деди Текебаев.

Саясатчы экс-президенттин бийликти өзүнө ыйгарыпып алышы, аны "Паракорчулук" беренеси боюнча жоопкерчиликке тартууга себеп болооруна ишенгендигин билдирди.

-Ал жана анын жанындагылар бийликти өзүнө ыйгарып алуу менен, мамлекеттин эсебинен башка тараптын – жеке компаниялардын кызыкчылыгын тейлешкен. Мисалы, Бишкек ЖЭБин алалы, тергөөнүн маалыматтары боюнча ал жерде мамлекетке 111 млн доллар зыян келтирилген. Атамбаев өзү бул кылмышка эч кандай тиешеси жок болгондой көрүнгөнү менен, бул иш боюнча өкмөттүн мүчөлөрү жана ири тармактын жетекчилери жоопко тартылып отурат. Ошондуктан бул ишке экс-президентти катышуучу жана бул топтун жетекчиси катары "паракорчулук" беренеси боюнча жоопко тартса болот, - деп сөзүн улантты.

Мындан тышкары, Текебаевдин пикири боюнча, МУКК экс-төрагасы Абдил Сегизбаевди да ушул эле берене боюнча жоопко тартууга болот.

-Сегизбаев МУКК төрагасы катары өзүнүн милдетин түз аткарган эмес. Ал Бишкек ЖЭБинин айланасында жүрүп жаткан иштердин баарын билип туруп, эч кандай тийиштүү чара көргөн эмес. Мунун өзү кылмыш болуп эсептелет. Мамлекетке кандайдыр-бир иш аракет менен гана эмес, эч бир тийиштүү чара көрбөгөндүк менен да зыян келтирилет, - деп кошумчалады Өмүрбек Чиркешович.

Өмүрбек Текебаевдин өтүнүчүн "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары кабыл алышаар бекен? VB.KG редакциясы бул суроону фракциянын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовго берди.

Анын сөздөрү боюнча, бул кайрылуу сөзсүз түрдө фракциянын жакында болуучу кеңешмесинде каралат.

-Биз кеңешмеге серепчилерди жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн чакырып, КЖКне "Бийликти өзүнө ыйгарып алуу" беренесин киргизүү маселесин талкуулайбыз. Биз парламентте бул демилгени көтөрүп чыгаарыбыз шек жаратпайт, - деди Шыкмаматов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД