Түкүрүк үчүн штраф өлчөмү миң сомго чейин азайтылышы мүмкүн

Өкмөт мүчөлөрү түкүрүк үчүн штрафтын суммасын азайтууга аракет кылышат. Бирок бул маселени чечүү убакытты талап кылат. Бул жөнүндө журналисттерге бүгүн, 15 январда өткөрүлгөн пресс-конференцияда Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Жеңиш Разаков билдирди.

Анын сөздөрү боюнча, коомчулукта ар кандай талкуу жаралгандыктан, эксперттердин жана калктын пикирин уккандан кийин, министрлер кабинети түкүрүп тартип бузууну КР Кодексинин 71-беренесинен (Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө) алып салууну туура көрдү.

-Түкүрүү боюнча пункт Кодекске Жогорку Кеңештеги талкуулоодо депутаттардын демилгеси менен киргизилген. 71-беренедеги штрафтын суммасын биз өзгөртө албайбыз, анткени таштандыларды өрттөгөндүгү үчүн 5 500 сом штраф каралганы туура. Ошондуктан биз "түкүрүүнү" 53-беренесине (Тыйуу салынган жерлерде тамеки заттарын тартуу) киргизүүнүн сунуш кылабыз. Бул боюнча 1000 сом штраф каралган, бул салыштырмалуу туура. Биз өз оюбузду билдирдик, - деп белгиледи Разаков.

Анын маалыматтары боюнча, азыркы убакта парламентте тартип бузуулар боюнча Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө үч мыйзам долбоору каралып жатыптыр. Ошондуктан түкүрүү боюнча штрафтын суммалары, Жогорку Кеңештин депутаттарынын бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуусуна жараша болмокчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД