"Түкүрүк" кодекстерин кимдер иштеп чыккан?

17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жаңы кодекстердин авторлорун атады.

-Президенттин буйругуна ылайык жумушчу топ түзүлгөн, анын курамына 20 адис кирип, бул топту Лейла Садыкова (Кыргыз-Россия славян университетинин проректору – vb.kg) жетектеген. Мындан тышкары тегерек столдор жана талкуулоолор өткөрүлүп, бул маселеге кызыккандардын баардыгы чакырылган. Кодекстерди жазуунун аягында депутатар иштешкен, - деди Курсан Асанов.

Парламенттин депутаты Рыскелди Момбеков кодексти жазууга катышкан коллегаларынын ысымдарын билүүгө кызыгып суроо салды эле.

-Мен билбейт экемин, бул жерде жазылбаптыр, - деп жооп берди Асанов.

-Сиз өзүңүз чогулуштарга катышкан жок белеңиз? Аларды кантип билбей калдыңыз?

-Катышкам. Мен сизге кийинчерээк кат жүзүндө жооп берсем болобу? – деп тайсалдатып жооп берди Курсан Асанов.

Жаңы кодекстерди жазууда иштеген депутаттар залда отурушса да, эмнегедир өз ысымдарын аташпады.

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар кылмыш жаза, тартип эрежесин бузуу жана башка кодекстери жакшы иштелип чыкпагандыгы үчүн өкмөттү сынга алышкандыгын белгилей кетели. Алардын пикири боюнча мыйзамдардын беренелери терең ойлонулуп жазылган эмес, бири-бирине карама-каршы келип, ар кандай талкууну жаратууда. Мындан тышкары, штрафтардын суммасынын өтө жогору болгодугу парламент депутаттарынын кыжырын келтирүүдө. 2016-жылы да ушул эле чакырылыштын депутаттары кодекстерди ушундай жазылган боюнча кабыл алышкан.

Жаңы кодекстердеги штрафтарды жана аларга карата жарандардын мамилелерине жараша сын пикирлер айтылып жазылган макалалардын чыгышы менен, "түкүрүк" кодекстер деп атап алышканын белгилей кетмекчибиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД