Эгер милиция кызматкери капысынан көчөдө токтотсо эмне кылуу керек?

"Мени көчөдө кармап алышты жана РИИБнө алып кеткен жатышат. Эмне кылуу керек?" Мына ушундай эстетмени "Кыргызстанда кыйноолорго каршы коалициясы" укук коргоо уюму басып чыгарды.

Ошентип, эгер сизди милиция кызматкери көчөдө токтотуп калды дейли.

-Укук коргоо органдарынын өкүлү адамдын өздүгүн тактоо үчүн, эгер ал административдик тартипти бузбаса да ушундай кадамга барууга укугу бар. Бирок, ал адам өзүнүн документтерин көргөзсө, кызматкер аны андан ары эч негизи жок кармоого укугу жок.

Милиция кызматкерине кайсы документтерди көрсөтүү керек?

-Паспорт, аскердик же студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү ж.б. у.с.

Милиция кызматкери кармагандан кийин жарандардын укуктары:

-Токтотуунун же документтерди текшерүүнүн себептерин билүү. Милиционер кызматкеринен өзүн тааныштырып, кызмат күбөлүгүн көрсөтүүсүн, иштеген жери жана кызматын айтуусун сураңыз. Зарылдык болуп калса "102" кызматына же ишенич телефонуна (0312) 486453, андан тышкары туугандарыңызга же жакындарыңызга чалыңыз. Жарандын талабы менен милиция кызматкери өз аты-жөнүн атап, иштеген жерин айтып, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. Анткени мыйзам ИИ кызматкерлерине жарандарга сый мамиле жасоону милдеттендирет.

Кыргызстандык жаран өз документтерин көрсөтүүдөн баш тарта алабы?

-Жок, документтерди текшерүү учурунда сиз аларды көрсөтүүңүз керек. Болбосо укук коргоо органдарынын кызматкери сизди өздүгүңүз аныкталгыча кармоого укугу бар.

Эгер милиция кызматкери эч кандай себептерин түшүндүрбөй туруп, милиция бөлүмүнө барууну суранса, өзүңдү кандай алып жүрүү керек?

-Анын өзүн тааныштыруусун, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүсүн, иштеген жерин, кызматын жана кармоонун себебин айтуусун сураңыз. Эгер милиция кызматкери сиздин өздүгүңүздү аныктоо үчүн аны менен бирге РИИБнө барууну талап кылса, барууга туура келет. Ушуну менен бирге адам өз туугандарына телефон чалууга укугу бар, - деп тшүндүрдү укук коргоочу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД