Токтогул-Шопоков көчөлөр кесилишине светофор качан орнотулат?

Бүгүн дагы Токтогул-Шопоков көчөлөр кесилишинен машина менен араң өттүм. Бул жерге жакын № 5 жана "Звёздочка" мектептери, эки банк жана соода борборлору жайгашкандыктан, ар дайым көчөдө жөө жүрүүчүлөр да машиналар да өтө көп болот. Эмне үчүн ушундай жерлерде светофор орнотулбайт? Светофорду Москва жана Тыныстанов көчөлөр кесилишине да орнотуу зарыл. Анткени ушул көчөлөрдөн өтүү айдоочуларга да жөө жүрүүчүлөргө да коркунуч жаратып жатпайбы.

Элдик жаңылыкты Болотбек жиберген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД