Кыргызстанга В. Путин менен С. Лавровдун визити күтүлүүдө

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга визити март айынын аягында күтүлүүдө. Бул жөнүндө Кыргыз Ресспубликасынын президентинин аппаратындагы тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

-Кыргыз-россиялык мамилени, шериктештикти жана стратегиялык өнөктөштүктү бириктирүү, достукту бекемдөө жана экономикалык долбоорлорду өнүктүрүү максатында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков РФ президенти Владимир Путинди мамлекеттик визит менен Кыргыз Республикасына келип кетүүсүн өтүндү.

Путиндин биздин республикага келүүсүн алдын-ала билдирүү үчүн Россиянын тышкы иштер мининстрлигинин министри Сергей Лавровдун визити күтүлүүдө. Ал Кыргызстанга 2019-жылы 3-4-февралда келип-кетмекчи. Күн тартибинин башкы маселеси катары РФ президентинин мамлекеттик визитин талкуулоо болот.

-Лавров менен жолугушуунун чегинде 21-кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык конференциясынын отуруму, кыргыз-россиялык бизнес-уюмунун 8-Аймактар аралык конференциясы 500 бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт.

VB.KG редакциясы менен маектешүүдө Марс Сариев, РФ президенти Владимир Путин менен ТИМнин жетекчисинин визити стратегиялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө болуп эсептелет, -- деп түшүндүрдү.

-Азыр Россия үчүн дүйнөлүк аренада ар кандай абал түзүлүүдө. Ошондуктан россиялык жетекчилик Борбордук Азияда антироссиялык "ысык точкалардын" пайда болушун каалабайт. Анын үстүнө Москва Кыргызстанга окшогон стратегиялык партнерлер менен туруктуулукту сактап калууну көздөйт. Ушуга байланыштуу Бишкектеги жолугушуу биринчи кезекте эки өлкөнүн, анын ичинен экономикалык планда жакындашуусуна багытталат, - деп VB.KG редакциясына белгиледи Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД