5 кг героин менен кармалган такси айдоочусун сот актап чыкты

Чүй облусунун ИИББ кызматкерлери ири өлчөмдө баңги заттарын сактап жана сатып жүргөн деп айыптаган такси айдоочусун сот актап чыкты. Бул жөнүндө анын адвокаты Канат Хасанов билдирди.

-Мындан 2 жыл эки ай мурда биз менин жактоомдогу адамдын күнөөсү жок экендигин далилдегенбиз, азыр Свердлов районунун соту Гилязетдинова бул иште жалган жалаа жабылгандыгын теришитирип көрүп, менин жактоомдогу адамды актап чыкты, - деп кабарлады Хасанов.

2016-жылы ноябрь айында Чүй облусунун ИИББ машинасынын багажнигинен 5 кг героин табылган такси айдоочусу Данияр Осмонкуловдун кармалгандыгын кабарлаган. Осмонкулов өзү түшүндүргөндөй, ага бул кутучаны РФтеги туруктуу кардары Рауф Гасанов берип, көрсөткөн дарекке жеткирип берүүсүн суранган. Кутучанын ичинде эмне бар экендигин такси айдоочусу билген эмес.

Осмонкулов кармалгандан кийин, Гасановдун өзү качып кетип, азыркы убакка чейин жашырынып жүргөнү кызык болууда.

-Баңги заттарын ташып жүргөн Гасанов Рауфка карата кылмыш иши, менин жактоомдогу адамга караганда мурда козголгон, бирок, азыр Гасановдун кайда жүргөндүгү белгисиз болгондуктан, издөө жарыяланып, ага карата козголгон кылмыш иши токтотулуп турат, - деп VB.KG редакциясына Канат Хасанов билдирди.

Адвокат анын жактоосундагы адамына жалган жалаа жабылып, ага кылмыш ишин козгоого аракет кылышкан деген ишеничте. Свердлов райондук соту туура эмес чечим чыгаргандыгы боюнча жогору инстанцияга даттануу мүмкүндүгү бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД