Бишкекте ымыркайдын жансыз денеси табылды

Ак-Тилек жаңы конушуна жакын жерде, Чүй каналынын жээгинен 6-7 айлык ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Бишкек шаарынын ИИББ билдирди.

-Анын ара төрөлүү жана чарчап калуу себептерин аныктоо үчүн ымыркайдын жансыз денеси экспертизага жөнөтүлдү. Бул окуя кылмыштарды каттоонун Жалпы тизмесине киргизилип, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Свердлов РИИБ жиберилди. Азыр милиция ымыркайдын энесин издөө иштери менен алектенүүдө, - деп түшүндүрүштү РИИБ кызматкерлери.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД