Мечитте уюлдук телефондорду уурдаган жигит кармалды

Шаардын тургуну Ленин райондук ИИБ арыз жазып кайрылып, 2019-жылы 3-январда мечиттен баасы 20 миң сомдук уюлдук телефону уурдалганын билдирген.

Бул факт кылмыштарды каттоонун Жалпы тизмесине киргизилип, КР ЖК 200-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ленин райондук кылмыш издөө кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда 1999-жылы төрөлгөн Б.у. А. кармалган.

Б.у. Ага карата 1 айлык мөөнөткө СИЗО-1 камоо чарасы көрүлүп, азыр тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Дагы бир ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү учурунда, кармалган жигиттин башка мыйзамзыс иштерге катыштыгы бар экендиги да аныкталган.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында ушул эле мечиттен дагы быр жарандын курткасынын чөнтөгүнөн баасы 15 миң сомдук уюлдук телефону уурдалган. Жабыр тартуучу арыз жазып Биринчимай райондук ИИБ кайрылган.

Бул факт дагы кылмыштарды каттоонун Жалпы тизмесине киргизилген. Азыр КР ЖК 200-беренси боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө, - деп Бишкек шаарынын ИИББ пресс-кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД