Өрт чыгып, эки адам каза болгон киоскто бензин сакташкан

Бишкек шаарынын Элебаев жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыгып, эки адам каза болгон киоскто бензин сакташкан. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына укук коргоо органдарындагы булактардан билдиришти.

-Сөз жашыруун сатып жүрүшкөн бензин жөнүндө жүрүшү мүмкүн, анткени, өрт башталган учурда ал жерде эки адам болгон. Алгачкы божомол катары, күйүүчү майларды колдоно билүүдө техникалык коопсуздук эрежеси бузулгандыгын кароодобуз, - деп тийиштүү булактардан белгилешти.

Эске салсак, кече жакында КР ӨКМ Бишкек шаарында кароосуз калган киоскто өрт чыккандыгын кабарлаган. Анын натыйжасында эки адам каза болгон. Алардын денелери милицияга берилип, соттук медэкспертиза өткөрүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД