ЖЭБди оңдоо боюнча макулдашууда депутаттар күнөөбүз жок дешет

Депутат Ирина Карамушкинанын ЖЭБди оңдоо боюнча макулдашууда жоопкерчиликти эл депутаттары да тартуусу керек деген билдирүүсү, анын коллегаларынын баарына эле жага берген жок.

Депутат Асылбек Жээнбеков ага парламентарийлердин милдетине мыйзамдарды жана макулдашууларды карап чыгуу гана кирээрин айтып, жооп берди.

-9 – 10-сентябрда биздин комитет бул макулдашууну карап чыккан, ал эми 11-сентябрда өкмөт ага кол койгон. Декабрда өкмөт кайрадан бизге мыйзам долбоорун жиберип, аны тез аранын ичинде карап чыгуубузду өтүнгөн. Ушул себептен биз аны бир күндүн ичинде үч жолку окуудан өткөрүп анан кабыл алып бергенбиз. Макулдашууларды тез аранын ичинде карап берүү боюнча документтер азыр деле жиберилип турат, - деди ал.

Мындан тышкары бул маселе боюнча Каныбек Иманалиев да түшүндүрмө берди.

-Эгер логикага таянып карап көрсөк, анда 120 депутаттын баарын жоопко тартып, камоо керек. Анткени бул маселе боюнча биз жалпысынан 40 макулдашууну карап чыкканбыз, - деп толуктады Иманалиев.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар Бишкек ЖЭБди оңдоо иштери бюнча өкмөт жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин отчетторун угууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД