Кыргызстанда жоголгон Германиянын жаранына издөө жарыяланды

Издөө жарыяланат!

Чүй облусунун Аламүдүн райондук ИБ тарабынан дайынсыз жоголгон Вилли Райфшнайдерге 1984-ж.т. издөө салынат. Ал 2016-жылдан тартып 2018-жылга чейин Бишкекте жашаган. Акыркы жолу Вилли Райфшнайдер туугандары менен 2018-жылы ноябрь айында байланышка чыккан.

Акыркы убакта жашаган жери – Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Лебединовка айылы. Жакын туугандары Германиянын жарандары анын кайда жүргөндүгүн аныктай алышпай, ички иштер органдарына кайрылып, дайынсыз жоголгон уулун таап берүү жардамын сурап кайрылышкан.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы кара, узун ийнине чейин жетет, кырдач мурун.

Сезонго жараша кийинген.

Вилли Райфшнайдердин кайда жүргөндүгү жөнүндө маалыматты билгендерди төмөндөгү дарек боюнча телефон чалып билдирүүнү өтүнөбүз: Аламүдүн РИБ дежурлук бөлүмү 0(312) 36-35-27, СКМ издөө 0(312) 36-35-23, 0(552) 22-06-92_ 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 же 102.

Жардам көрсөткөндөргө ыраазылык билдиребиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД