Маршруттук такси төлөмү бир айылдын тургундарына гана жогорулатылабы

Мен "Восток" айылынан "Заря" айылына каттоочу № 254 маршруттук таксиге түшүп жүрөм. Айтайын дегеним, маршруттук таксилердин ичинде төмөндөгүдөй мазмундагы жарнама (менин түшүнгөнүм боюнча) пайда болду:

"Урматтуу "Восток" айылынын жашоочулары! 2019-жылдын 15-февралынан баштап ар бир адам жол жүрүү акысы үчүн 12 сом төлөйт".

Бул туурабы? Бул маршруттук такси менен жүргөн "Кызыл Аскер", "Новопавловка", "Заря", "Лебединовка" жана башка айылдардын жүргүнчүлөрү 10 сомдон эле төлөп жүрүшпөйбү.

Элдик жаңылыкты Александр жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД