Өрттүн кесепетинен үч киши каза болду

12-февралда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Октябрьская көчөсүнүн № 45/2 үйдө өрт чыгып, иске ууланган 3 киши каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен жалпы аянты 100 чарчы метр кампанын, гараждын чатыры күйүп, 1985-жылы туулган аял киши жана анын 2017-жылы туулган К.М.И., 2009-жылы туулган К.Е.И. балдары каза болгондугу аныкталды..

Министрликтин басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргениндей, бул кампада каза болгондор эмне кылып жүрүшкөндүгү жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД