Өрттүн чыгышына шектелгендер аныкталууда

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы өрттүн чыгышына каза болгон аял шектелүүдө. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аял кайын энеси менен чатакташкандан улам жашоо менен кош айтышмай болгон.

Мындан тышкары айыл тургундарынын берген көрсөтмөсү боюнча, 12-февраль күнү болжол менен саат 14.00. ал аял челекти көтөрүп келип, жергиликтүү жашоочудан 2 литр бензин сатып алган. Алдын-ала маалымат боюнча бензин менен өрттөгөн", - дешти милиция кызматкерлери.

Белгилей кетсек, өрттүн кесепетинен жалпы аянты 100 чарчы метр кампанын, гараждын чатыры күйүп, 1985-жылы туулган аял киши жана 2017-жылы туулган К.М.И., 2009-жылы туулган К.Е.И. балдары каза болду.

Азыркы учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга окуянын келип чыгуу себептерин аныктап чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД