Эл аралык террористтик уюмдун дагы бир мүчөсү кармалды

Кыргызстанда эл аралык террористтик уюмдун дагы бир мүчөсү кармалды.

Бул жөнүндө УКМК басма сөз кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында КР УКМК тарабынан КР ИИМ менен биргеликте терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаранын негизинде, КР жараны 1991-жылы төрөлгөн Р.У. кармалды.

Маалыматка ылайык, Р.У. 2014-жылы чет өлкөдөгү диний окуу жайлардын биринде билим алып жүрүп, ЭТУ мүчөлөрү менен кызматташууга өткөндөн кийин, Сирияга үй бүлөсүн алып кеткен. Ал жерде ЭТУ лагерлеринин биринде согушуу даярдыктарынан өтүп, согушкерлерге кошулуп Сириядагы согуштук жаңжалдарга катышкан.

Азыр бул адам камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД