Жалган маалымат тараткан адамга штраф салынды

2019-жылы 1-январдан баштап күчүнө киргизилген КР жаңы Кодекстери боюнча, жалган маалыматты тараткан адамга 5 500 сом штраф салынды. Бул жөнүндө Ысык-Көл облустук ИИБ пресс-кызматынын жетекчиси Сталбек Усубалиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 23-январда Ысык-Көл облустук ИИБнын дежурлук бөлүмүнө Ананьево айылынын тургуну уюлдук телефон аркылуу, аны 5-6 киши сабап жаткандыгы жөнүндө кабар берген.

Бул кабар маалымат жыйноо журналына катталып, окуя болгон жерге Ананьев айылдык ыкчам-тергөө органынын тобу жөнөгөн.

Бирок, милиция кызматкерлери келгенде, кабар берген адам мас абалында болуп, ал эми сабалгандагы факттын болбогондугу аныкталган. Мунун кабар берген адамдын кошуналары жана башка күбөлөр далилдешти.

Кече жакында бул адам жалган маалыматы тараткандыгы үчүн (КР Бузуулар кодексинин 83-беренеси. Адистештирилген кызматтарды билип туруп жалган чакыруу.

-Милиция, өрттөн сактоо, медициналык тез жардам кызматтарын же башка адистештирилген кызматтарды билип туруп жалган чакыруу - 3-категориядагы айып пул салууга алып келет) "Кыргыз почтасынын" Чолпон-Ата шаардык филиалына 5 500 сом штраф төлөдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД