И. Карыпбеков кайрадан КТРК жетекчилик кызматына ат салышмай болду

КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбеков кайрадан жетекчи болууга өзүнүн талапкерлигин көрсөтө тургандыгын өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Илим Карыпбеков телеканалдын жамаатынын өтүнүчү менен ачык сынакка катыша тургандыгын айтты.

"КТРКдин башкы директорлугуна ачык сынак жарыялангандан бери менин төрт жылдык ишмердигимди жаман жаатта көрсөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул аракеттер жамаатты мени колдоп Байкоочу кеңешке, парламентке жана президентке кайрылууга түрттү. Алардын сунушу менен мен өзүм үчүн оор чечимди кабыл алып, кайра жетекчилик орунга ат салышмай болдум", - дейт Илим Карыпбеков.

Илим Карыпбековдон сырткары, КТРКнын башкы директорлук ордуна жарыяланган сынакка жарандык активист Адил Турдукулов арыз берди. Мындан тышкары дагы бир талапкер арыз берген, бирок, анын ысымы ачыкталган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД